Израиль армиясы Иерихон  шаарын кирип - чыгууларга жаап издөө операциясын баштады

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда, Израиль армиясы Иордан өрөөнүндө унаалардын кыймылына тыюу салып, аскерлерин аймакка жайгаштырды.

2121671
Израиль  армиясы  Иерихон  шаарын кирип - чыгууларга жаап издөө операциясын баштады

Израиль армиясы Батыш Шеринанын Иерихон  шаарын кирип - чыгууларга жаап издөө операциясын баштады. 

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда, Израиль армиясы Иордан өрөөнүндө унаалардын кыймылына тыюу салып, аскерлерин аймакка жайгаштырды.

Андан кийин Израиль аскерлеринин  операция жасаганы белгилүү болду.

Окуяга байланыштуу Израиль армиясынын билдирүүсүндө, Иерихонун Эль-Авжа айылына жакын жерде куралдуу палестиналыктын унааларга ок аткандыгы айтылды.

Израилдин чукул жардам кызматы Кызыл Жылдыз Давид эртең менен Батыш Шериадагы Иордан өрөөнүндө болгон куралдуу кол салууда 3 жөөт отурукташуунун жараланганын билдирди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салуулары менен бирге Израиль армиясынын Батыш Шериадагы   камоо толкундары жана рейддеринен улам аймактагы чыңалуу барган сайын күчөп баратат.

 



Тектеш кабарлар