Де Кро : «ПКК сыяктуу террордук уюмдун провокациясына жол берилбейт»

Александр Де Кро Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында жикчил террордук уюм ПКК колдоочуларынын өлкөнүн ар кайсы аймактарында түрктөрдү бутага алган акыркы кол салууларына токтолду.

2121258
Де Кро : «ПКК сыяктуу террордук уюмдун провокациясына жол берилбейт»

Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кро : «ПКК сыяктуу террордук уюм катары таанылган бир уюмга тилектештик жана провокация көрсөтүүгө жол берилбейт»,-деди.

Александр Де Кро Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында жикчил террордук уюм ПКК колдоочуларынын өлкөнүн ар кайсы аймактарында түрктөрдү бутага алган акыркы кол салууларына токтолду.

Бельгияда ой жана сөз эркиндигинин бар экенин белгилеген Де Кро : «ПКК сыяктуу террордук уюм катары катталган бир уюмга тилектештик жана провокация көрсөтүүгө сабыр кылуу мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Де Кроо ПККнын Европада да террордук уюм катары кабыл алынганын баса белгилеп: «Биз бул билдирүүнү ачык айтууну каалайбыз: Провокациялар токтошу керек»,-деди.

Зордук-зомбулуктуу окуяларга чет өлкөдөн да көп адамдын катышканын белгилеген Де Кро : «Бирок мунун чет өлкөдөн уюштурулганына эч кандай далилибиз жок»,-деп айтты.

25-мартта жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын 150дөй жактоочусу борбор шаар Брюсселде Европа Парламентинин алдындагы тосмолорду бузуп, полицияга кол салган.

Алгач Түркиянын Брюсселдеги элчилиги жайгашкан көчөгө, андан соң Европа Биримдиги мекемелери жайгашкан Шуман аянтына өтүүнү каалаган эл полициянын тоскоолдуктарына туш болду.

Калкынын басымдуу бөлүгү түрктөр болгон Льеждин Чератте айылында да ошол эле түнү жикчил уюмдун жактоочулары башаламандык жаратты. Үлкү Ожаклары имаратын өрттөгөн топ мечитке да кол салып, терезелерин сындырган.

Жүздөрүн жаап, көчөлөрдү кыдырып, жикчил террордук уюмду жактаган ураандар менен жүргөн топ түрктөргө таандык үйлөрдү, дүкөндөрдү жана унааларды зыянга учуратты.

Көргөн күбөлөр окуяга полиция кийлигишпегенин кабарлашты.

24-мартта Брюсселден бир сааттай алыстыкта ​​жайгашкан Хойсден-Золдер шаарындагы Нооруз майрамынан кайтып келе жаткан ПКК тарапкерлери унааларында жикчил террордук уюм ПККнын символу болгон чүпөрөктөрдү жана лидердин плакаттарын көтөрүп, түрк тектүү жарандар жыш жашаган көчөдөн өтүшкөн.

Шаарда жашаган түрк тектүү жарандар буга реакция кылып, андан соң мушташ чыккан.



Тектеш кабарлар