АКШ БУУнун отчетун четке какты

БУУнун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанезе Израилдин геноцид кылмышын жасаганына көңүлдөрдү бурду.

2121500
АКШ БУУнун отчетун четке какты

Америка Кошмо Штаттары Израилдин Газада геноцид кылмышын кылганын билдирген  Бириккен Улуттар Уюмунун  отчетун четке какты.

БУУнун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанезе Израилдин геноцид кылмышын жасаганына көңүлдөрдү бурду.

Франческа Албанезе : "Дүйнөнүн Израилди жоопко тартпашы газада геноцидге жол ачууда. Газадагы геноцид палестиналыктардын тазаланышына карата узун убакыттан бери улантып келе жаткан отурукташуучулардын колониялык процессинин эң акыркы фазасы",- деди. 

Албанезе БУУна мүчө өлкөлөрдү Израилге санция салууга да чакырды. 

Баяндамачынын  бул билдирүүсү АКШны тынчсыздандырды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер өлкөсүнүн бул отчетту кабыл албаганын жана Израилдин «геноцид кылбаганын» айтты.

"Геноциддин негизсиз экендигине ишенгенибизди ачыкча билдирдик. Биок ошол эле учурда Газадагы жарандык жоготуулардын санынан да тынчсыздануудабыз",- деген Миллер Израилге карата колдоолорунун улантылып жаткандыгын жарыялады. 

АКШлык катчы отчетту билдирген Палестина атайын баяндамачы Албанезенин антисемиттик билдирүүлөрдү жасаганын ырастады.

 



Тектеш кабарлар