Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысын кызматтан алды

Президенттик аппараттын сайтында жарыяланган жарлыкта Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Даниловдун   кызматынан бошотулганы белгиленди.

2120744
Зеленский  Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысын  кызматтан алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Даниловду кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын сайтында жарыяланган жарлыкта Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Даниловдун   кызматынан бошотулганы белгиленди.

Зеленский кол койгон дагы бир жарлык менен да Улуттук коопсуздук жана Коргоо кеңешинин башкармалыгына Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Александр Литвиненкону, тышкы чалгындоо кызматынын  башкармалыгына Олег Ивашченкону дайындады. 

 



Тектеш кабарлар