Россиядагы террордук кол салууда 140 киши каза болду

Мурашко дарыланып жаткандардын биринин бүгүн каза болгонун айтты.

2121105
Россиядагы террордук кол салууда  140 киши каза болду

Россиянын борбор шаары Москвада болгон терактта каза болгондордун саны 140ка жетти.

Россиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко Москвадагы билдирүүсүндө 22 - мартта "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан улам жарадар болгондордун дарылануусунун уланып жатканын билдирди.

Мурашко дарыланып жаткандардын биринин бүгүн каза болгонун айтып : "Тилекке каршы, абалы өтө оор болгондордун бири каза болду. Дарыгерлер колдон келгендин баарын жасашты», - деди.

Мурашко  араларында 19 кишинин абалы  оор  болгон 80 кишинин дарылануусунун уланып жатканын белгиледи.

 

Россиянын борбору Москва шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында 22-март күнү кечинде куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн сүрөттөрдө кол салгандардын залда автоматтар менен туш келди ок аткандыгы байкалууда. 

Россиянын президенти Владимир Путин кол салууну уюштурган 4 террорист менен бирге 11 кишинин кармалганын билдирген.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги залдагы иштердин токтотулгандыгын билдирген.

 

 

 



Тектеш кабарлар