Бортников: «Москвадагы кол салуунун артында АКШ,Улуу Британия жана Украина турат»

Александр Бортников Орусиянын Башкы прокуратурасынын кеңейтилген жыйынынан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

2120781
Бортников: «Москвадагы кол салуунун артында АКШ,Улуу Британия жана Украина турат»

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников жума күнү кечинде борбор шаар Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттын артында Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Англия жана Украина турганын айтты.

Александр Бортников Орусиянын Башкы прокуратурасынын кеңейтилген жыйынынан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

Москвадагы теракттын артында АКШ, Англия жана Украина турабы деген суроого жооп берген Бортников: «Биз ошондой деп ойлойбуз. Биз азыртадан эле колубуздагы эсеп-фактураны (чыгымды) айтып жатабыз. Бул жалпы маалымат, бирок алар да чоң пайда таап жатышат»,-деди.

Террордук кол салууну кылгандардын Украина аймагына барууну пландаганын белгилеген Бортников, бул адамдардын Украина аймагында болушу күтүлгөнү боюнча алдын ала маалыматы бар экенин айтты. Украинанын аймагында бул кол салууну кылгандарды «баатырлардай тосуп алгысы келгенин» белгилеген Бортников, террордук кол салууну уюштургандын азырынча аныктала электигин белгиледи.

ФСБнын директору Бортников ошондой эле Украинанын Жакынкы Чыгышта согушкерлерди даярдап жана машыктырып жатканын айтып, Орусияга каршы фронтто түрдүү улуттардын согушкерлеринин болушу мунун көрсөткүчү экенин белгиледи.

Бортников АКШнын Орусияга ыктымалдуу террордук кол салуу тууралуу маалымат жеткиргенин жана мунун эске алынганын, бирок бул маалыматтын жалпы мүнөздө экенин белгиледи.

Москвадагы террордук кол салууга Орусиянын жооп берерин баса белгилеген Бортников, бул кол салууга тиешеси бар ар бир адамдын табылып жазасын ала турганын баса белгиледи.

Өлкөдө террор коркунучунун уланып жатканын белгилеген Александр Бортников, Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) террордук кол салууларга бөгөт коюуну улантып жатканын айтканын эске салып, СБУнун террордук уюм катары таанылышы керектигин айтты.

Андан тышкары Бортников Украинанын Аскердик чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов жана башка чалгындоо кызматкерлери тууралуу суроого: «Орусияга жана орус жарандарына каршы кылмыш кылгандар мыйзамдуу бутага алынат»,-деп жооп берди.

Бул буталар эмне үчүн жок кылынган жок деген суроого жооп берген Бортников мунун ишке ашаарын билдирди.

Борбор калаа Москвадагы терактта 139 кишинин каза болгону, 100дөн ашуун кишинин жараланганы жарыяланды. Орусиянын президенти Владимир Путин кол салууну уюштурган 4 террорист менен бирге 11 кишинин кармалганын билдирген.



Тектеш кабарлар