Путин Москвадагы террордук кол салууга байланыштуу бир катар таң калыштуу суроолорду ортого салды

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөттүк жана аймактык жетекчилер, чалгындоо жана коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилери менен теракт жана андан кийин көрүлгөн чаралар тууралуу жыйын өткөрдү.

2120130
Путин Москвадагы террордук кол салууга байланыштуу бир катар таң калыштуу суроолорду ортого салды

Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү кечинде борбор калаа Москвада 139 адамдын өмүрүн алган террордук кол салууга байланыштуу бир катар таң калыштуу суроолорду ортого салды.

Владимир Путин өкмөттүк жана аймактык жетекчилер, чалгындоо жана коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилери менен теракт жана андан кийин көрүлгөн чаралар тууралуу жыйын өткөрдү.

Тергөөнүн объективдүү, эң профессионалдуу түрдө, эч кандай саясий көз карашсыз жүргүзүлүшү керектигине көңүл бурган Путин: «Биз бул кылмышты ислам дүйнөсү идеологиясы менен кылымдар бою күрөшүп келген радикал исламчылар кылганын билебиз. Бирок ошол эле учурда Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) /.../ Москвадагы террордук кол салууда Киевден эч кандай из жок деп эсептегенин,  кандуу террордук кол салууну Орусияда тыюу салынган ДЕАШ уюмунун жактоочуларынын жана мүчөлөрүнүн ишке ашырганына ынандырууга аракет кылып жатканын да көрүп жатабыз. Биз Орусияга жана анын элине жасалган бул зулумдуктун кимдин колунан жасалганын билебиз. Буйрукту ким бергени менен алектенип жатабыз»,-деп айтты.

Чалгындоо кызматы менен күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ишинин жүрүшүндө көптөгөн суроолорго жооп издешкендерин баса белгилеген Путин, Жакынкы Чыгышта адилеттүү чечимди жактаган радикал уюмдар чындап эле Орусияга сокку урууга кызыкдарбы деп сурады.

Орус лидери: «Андай болсо, өздөрүн таза ислам деп аталган динди коргогон динчил мусулмандар катары көрсөткөн радикал исламчылар кантип бүт мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айында чоң зулумдуктарды жана кылмыштарды кылып жатышат?»-деди.

«Мунун кимге пайдасы бар?»-деп сураган Путин: «Бул мыкаачылык 2014-жылдан бери неонацисттик Киев режиминин колу менен биздин өлкөгө каршы күрөшүп келе жаткандардын бир катар аракеттеринин бир эле алкагы болушу мүмкүн. Ал эми нацисттер, белгилүү болгондой, максаттарына жетүү үчүн эң ыпылас жана адамгерчиликсиз жолдорго баруудан эч качан  тартынышкан эмес»,-деди.

Москвада кол салууну уюштурган террористтердин кылмышты кылгандан кийин эмне үчүн Украинага барууга аракет кылганын сураган Путин: «Ал жерде аларды ким күтүп жаткан? Киев режимин колдогондор терроризмге шерик жана демөөрчү болгусу келбей турганы айдан ачык. Бирок чындыгында суроолор көп»,- деди.



Тектеш кабарлар