БУУ ок атышпоо чечимин кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши (БУУ) Рамазан айында (11-марттан 9-апрелге чейин) Газада ок атышууну туруктуу токтотууну караган чечим долбоорун кабыл алды.

2120492
БУУ ок атышпоо  чечимин кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши  Рамазан айында (11-марттан 9-апрелге чейин) Газада ок атышууну  токтотууну караган чечим долбоорун кабыл алды.

Убактылуу мүчөлөр Алжир, Эквадор, Гайана, Япония, Мальта, Мозамбик, Түштүк Корея, Сьерра-Леоне, Словения жана Швейцария тарабынан даярдалган чечим долбоору 15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында добушка коюлду.

Мыйзам долбоору 14 "макул" жана 1 "калыс" добуш менен кабыл алынды. Калыс добушту Америка Кошмо Штаттары  берди.

Израилдин Газа тилкесине кол салуулары башталган 7 - октябрдан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде биринчи жолу ок атышууну токтотууну талап кылган чечим долбоору кабыл алынды.

Чечимде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Палестина маселесине байланыштуу ушул убакка чейин кабыл алынган чечимдери эскертилип, бардык тараптардын эл аралык укук, эл аралык гуманитардык укук жана эл аралык адам укуктары мыйзамдарына баш ийүү милдетинин бар  экендиги белгиленди.

Чечимде жарандарга жана жарандык инфраструктурага жасалган кол салуулар жана ар кандай террордук кыймылдар айыпталып, туткунга алуунун эл аралык укуктун бузулушу экени белгиленди.

Чечимде Газа тилкесиндеги оор гуманитардык абалга байланыштуу терең тынчсыздануу баса белгиленип, Египет, Катар жана АКШнын дипломатиялык аракеттери жактырылды.

Чечим долбоорунда   "Рамазан айында ок атышууну токтотуу бардык тараптар тарабынан сакталышы, туруктуу ок атышпоо жана бардык барымтадагылардын дароо жана эч кандай шартсыз бошотулушу" талап кылынган чечимде   барымтадагылардын гуманитардык жана медициналык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн аймакка кирүү талап кылынды.

Чечимде тараптарды туткунда болгон кишилерге карата эл аралык укук алдындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырып, абалдын кылдаттык менен көзөмөлдөнөрү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар