Бразилияда сел жана жер көчкү жүрдү
Аймакта нөшөрлөгөн жамгыр жана бороондун бир канча убакытка чейин улана тургандыгы билдирилди.
2120347
Бразилиянын Эспириту-Санто штатында жана Рио-де-Жанейро шаарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 27ге жетти.
Бийликтер Эспирито-Сантодо сел жана жер көчкүдөн 19 киши, Рио-де-Жанейродо 8 кишинин каза болгонун билдирди.
Болжол менен 7300 адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, 6 адамдын дайынсыз жоголгону маалымдалды.
Президент Луис Инасио Лула да Силва басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен тилектеш экенин жана кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.
Аймакта нөшөрлөгөн жамгыр жана бороондун бир канча убакытка чейин улана тургандыгы билдирилди.