Нетаньяху Рефахка кирүү боюнча өжөрдөнүүдө, Хамас эскертүүдө...

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жөөттөрдүн Пурим майрамына карата полиция бөлүмүнө барды.

2119666
Нетаньяху Рефахка кирүү боюнча өжөрдөнүүдө, Хамас эскертүүдө...

Хамас Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына кургактан чабуул жасоону талап кылуусу бардык эл аралык эскертүүлөрдү четке кагуу дегенди билдирет деп билдирди.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Нетаньяху Газа тилкесинде элибизге каршы кыргын салуучу согушун күчөтүп, саясий максаттарына жетүү үчүн диний риториканы колдонууну улантууда»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Нетаньяхунун эл аралык эскертүүлөргө ачык түрдө баш ийбегени белгиленип, «Нетаньяхунун Рефахта кылмыш кылуу ниетин ырастоосу, шаарга кандайдыр бир аскердик операцияга каршы эскерткен бардык эл аралык позицияларды тоготпоочулук болуп саналат»,делди.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Газа тилкесинин түштүгүндө 1,5 миллион палестиналык баш калкалаган Рефахка ыктымал кургактыктан кол салууга байланыштуу: «Рефахка киребиз жана так жеңишке жетебиз»,-деп айткан.

Беньямин Нетаньяху жөөттөрдүн Пурим майрамына карата полиция бөлүмүнө барды.

Нетаньяху, тора ишеними боюнча жөөттөр Пурим майрамында жеңген Иран падышасы Ахашвероштун вазири Хаманга токтолуп, Хамастын Газа тилкесиндеги лидери Яхья Синварды жок кыла тургандарын айтты.

Премьер-министр Нетаньяху заманбап Иран жөөттөрдүн мамлекетин жок кылууга аракет кылып жатат деген жүйө келтирген.

 



Тектеш кабарлар