Ливияда массалык мүрзө табылды
Ливиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө Шувейриф аймагындагы массалык мүрзө тууралуу маалымат берилди.
2119261
Ливиянын борбор шаары Триполинин түштүк - чыгышында Шувейриф аймагындагы массалык мүрзөдөн 65 мыйзамсыз мигранттын сөөгү табылды.
Ливиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө Шувейриф аймагындагы массалык мүрзө тууралуу маалымат берилди.
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн топторунун массалык мүрзөдөн 65 мыйзамсыз иммигранттын сөөгүн тапкандыгы белгиленди.
Билдирүүдө топтордун аты-жөнү белгисиз мыйзамсыз мигранттардын денелеринен ДНК үлгүлөрүнүн алынганы, процедуралардан кийин мигранттардын сөөктөрүнүн Шувейриф аймагынан жооптуу башкы прокуратура тарабынан белгиленген көрүстөнгө коюлганы маалымдалды.