Орусия Украинага чабуул жасады

Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Орусиянын түн ичинде Украинага учкучсуз учуучу аппарат жана ракеталык чабуул жасаганын айтты.

2118815
Орусия Украинага чабуул жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын өлкөсүнө 60тан ашык "Шахед" үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар жана 90го жакын ар кандай типтеги ракеталар менен кол салганын кабарлады.

Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Орусиянын түн ичинде Украинага учкучсуз учуучу аппарат жана ракеталык чабуул жасаганын айтты.

Орус армиясынын 60тан ашуун «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз аппарат жана 90го жакын ар түрдүү ракеталар менен Украина аймагына чабуул жасаганын белгилеген Зеленский, энергетика объектилеринин бутага алынганын маалымдады.

Зеленский: «Дүйнө орус террористтеринин бутасын мүмкүн болушунча ачык көрүп жатат, электр станциялары менен камсыздоо линиялары, ГЭСтер, жөнөкөй турак жайлар, ал тургай троллейбус да. Орусия карапайым элдин жашоосуна каршы согуш жарыялады. Бул террордун кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам»,-деди.

Кол салуудан жабыркаган бардык шаарларда өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын иштеп жатканын баса белгилеген Зеленский, Харьков, Запорожье, Сумы, Полтава, Днепропетровск, Одесса, Хменицки, Винница жана Ивано-Франковск облустарынын электр энергиясын калыбына келтирүү аракеттеринин уланып жатканын кабарлады.

Украинанын энергетика министри Герман Галушенко да социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, орус армиясынын Украинанын энергетика тармагына акыркы мезгилдердин эң чоң чабуулун жасаганын айтты.

Орусиянын Украинанын энергетика системасына зыян келтирүүнү максат кылганын белгилеген Галушенко, кол салуулардан улам Запорожье атомдук станциясын (ZNPP) азыктандырган электр линиясынын зыянга учураганын билдирди.



Тектеш кабарлар