Украинанын айыл - чарба продукцияларынын Польшадан өтүшүнө тыюу салынды

Польшанын Айыл чарба министрлиги менен нааразычылык акциясына чыккан дыйкандардын сүйлөшүүсүндө импортуна чектөө коюлган Украинанын айыл чарба продукцияларынын Польша аркылуу өтүүсүнө тыюу салуу чечими кабыл алынды.

2118289
Украинанын айыл  -  чарба продукцияларынын Польшадан өтүшүнө тыюу салынды

Польшанын Айыл чарба министрлиги менен нааразычылык акциясына чыккан дыйкандардын сүйлөшүүсүндө импортуна чектөө коюлган Украинанын айыл чарба продукцияларынын Польша аркылуу өтүүсүнө тыюу салуу чечими кабыл алынды.

Министрдин орун басары Михал Колодзейчак басма сөзгө берген билдирүүсүндө чечимдин  Польша менен Украинанын ортосунда соода эрежелери боюнча келишимге кол коюлганга чейин күчүндө болорун айтты.  

Министрликтин өкүлү : "Бүгүнкү күндө эң негизги нерсе - Польша менен Украинанын ортосундагы соода эрежелери тууралуу макулдашуу", - деди.

Польшанын маалымат каражаттары транзиттик тыюу  салуунун 1 - апрелден тарта күчүнө кирерин жазышууда.

Тыюу салуудан тышкары, фермерлерге субсидияларды максаттуу бөлүштүрүүнү камсыздоо боюнча чаралар көрүлүп, Европа Биримдигинин “Жашыл келишиминин” алкагында ченемдик укуктук актылардын киргизилиши күтүлүүдө.

Украина менен Европа Биримдигинин ортосунда 2022 - жылы ишке ашырылган салыксыз соода режими Украинанын айыл чарба экспортунун маанилүү бөлүгүнүн Европа өлкөлөрүнө багытталышына себеп болду. Бул Украинадан келген арзан айыл чарба продукциясынын чек арага жакын өлкөлөрдө топтолушуна алып келди. Бул жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратты. Жаңы соода режиминен өзгөчө Польша, Словакия, Венгрия, Румыния жана Болгария сыяктуу өлкөлөрдүн айыл чарба тармактары жабыркады.

Кризиске жооп катары Европа Комиссиясы тарабынан көрүлгөн атайын чаралар жана андан кийин Украинанын айыл чарба азыктарын импорттоого улуттук тыюу салуулар болду; бул да Киевди ДСУга арыз менен кайрылууга алып келди.

Сооданы чектөө маселеси Украина менен Польшанын 28-мартта Варшавада өтө турган сүйлөшүүлөрүнүн негизги маселелеринин бири болот.

 



Тектеш кабарлар