Салливан Украинага барды

АКШнын  Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Украинанын борбору Киевге «күтүүсүз»  барды.

2118388
Салливан Украинага барды

АКШнын  Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Украинанын борбору Киевге «күтүүсүз»  барды.
Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Адриен Уотсон  Жейк Салливандын сапарында  араларында  президент Владимир Зеленский баш болгон жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугушкандыгын белгиледи. 

Уотсон жолугушууларды Салливандын :  "Өкүлдөр палатасынын Украинанын орчундуу согуштук муктаждыктарынын каьсыздалышы үчүн улуттук коопсуздук боюнча кошумча мыйзам долбоорун тез арада кабыл алышы керектигин баса белгиледи", - деди.

Салливандын украиналык кесиптештери менен Россияны кыймылдарынын жоопкерчиликке тартуу жана 2022 -  жылдын февраль айынан бери болуп келе жаткан согуштун Украина жана дүйнө дөгү экономикалык таасирин азайтуу үчүн союздаштар менен өнөктөштөр менен улантылып жаткан аракеттер тууралуу сүйлөшкөндүгүн баса белгилеген катчы Уотсон тараптардын  Украинанын Европа  - Атлантика интеграциясын илгерилетүү үчүн зарыл болгон антикоррупция жана башка негизги реформалар маселесин талкуулашкандарын айтты. 

АКШда 13 - февралда сенат  кабыл алган Украина, Израиль жана Тайванга 95,3 миллиард долларлык аскердик жардам пакети Өкүлдөр палатасынын бекитүүсүн күтүүдө жана  президент Жо Байден болсо мунун тездетилишин талап кылууда.

Пакет сенатта чоң колдоо менен кабыл алынып, республикачыл Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон мыйзам долбоорун азырынча палатага алып келе элек.

 



Тектеш кабарлар