Блинкен Сауд Арабияга барды

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, министр бин Фархан менен АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Жиддада жолугушту.

2118105
Блинкен Сауд Арабияга барды

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан өлкөсүнө барган АКШлык кесиптеши Энтони Блинкен менен Израилдин кол салууларына кабылган Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуунун маанилүүлүгүн жана Израиль кургактыктан чабуул жасайбыз деп коркутуп жаткан Рафах шаарындагы абалды талкуулады.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, министр бин Фархан менен АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Жиддада жолугушту.

Жолугушууда министрлер эки тараптуу мамилелерди жана ар түрдүү тармактарда биргелешкен кызматташууну чыңдоонун жолдорун сүйлөшүштү.

Израилдин кол салуулары астындагы Газа тилкесинде ок атышпоонун камсыздалышы жана көп сандаган жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рафахтагы абалды да талкуулаган бин Фархан менен Блинкен, Газага чукул гуманитардык жардамдын кириши үчүн зарыл болгон аракеттерди сүйлөшүштү.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кургактыктан кол салуу планын бекиткенин жана жарандарды аймактан чыгаруу планын да «жакында» беките тургандарын билдирген.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында кеминде 14 миңи бала, 9 миң 220сы аял жалпы 31 миң 923 палестиналык каза болуп, 74 миң 96 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы деле миңдеген сөөктүнт бар экени айтылууда.



Тектеш кабарлар