Песков: «НАТОнун Түштүк Кавказдагы карым-катнаштарын кылдаттык менен көзөмөлдөп жатабыз»

Дмитрий Песков НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Азербайжан, Грузия жана Арменияга болгон сапарларына баа берди.

2117584
Песков: «НАТОнун Түштүк Кавказдагы карым-катнаштарын кылдаттык менен көзөмөлдөп жатабыз»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков НАТОнун Түштүк Кавказда барган сайын күчөгөн карым-катнаштарын кылдаттык менен көзөмөлдөп жатышканын айтты.

Дмитрий Песков НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Азербайжан, Грузия жана Арменияга болгон сапарларына баа берди.

Сөз болгон байланыштардын Кавказ өлкөлөрүнүн эгемен укуктары экенин белгилеген Песков, НАТОнун аймактагы таасирин жана катышуусун кеңейтүү аракетинин Кавказдагы абалдын ырааттуулугуна жана келечекти көрө алуусуна салым кошо турган мүнөздө эмес экенин айтты.

Столтенбергдин сапарлары Орусиянын түштүк чек араларынын коопсуздугуна коркунуч туудурабы деген суроого Песков: «Биз НАТОнун Кавказдагы катышуусун бекемдөөгө болгон жалпы каалоосун жакшы билебиз жана бул каалоо ачык айкын көрүнүп турат», - деп жооп берди.

Орусиянын бул сапарларды кылдаттык менен байкап жатканын белгилеген Песков, Москванын биринчи кезекте бул өлкөлөр менен карым-катнаштар жана кызматташтык куралдарына көңүл буруу ниетин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар