Мишель Европа өлкөлөрүн "согуш экономикасына" өтүүгө чакырды

Европалык гезиттерде жана Euroactiv сайтында жарыяланган макалада Мишель, Европанын өз коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керектигин жана АКШнын колдоосуна таянбашы керектигин жазды.

2117966
Мишель Европа өлкөлөрүн "согуш экономикасына" өтүүгө чакырды

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Евробиримдик өлкөлөрүн “согуш экономикасы режимине” өтүүгө жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга чакырды.

Мишелдин айтымында, бул Орусиядан келип чыккан коркунучка жооп болушу керек.

Европалык гезиттерде жана Euroactiv сайтында жарыяланган макалада Мишель, Европанын өз коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керектигин жана АКШнын колдоосуна таянбашы керектигин жазды.

Мишель макаласында: «Эгер ЕБ туура реакция көрсөтө албаса жана Украинага Орусияны токтотуу үчүн керектүү колдоону бербесе кезек бизге келет. Ошондуктан биз коргонууга даяр болуп, “согуштук экономика” режимине өтүшүбүз керек»,- деди.

Мишелге караганда, Европа согуш учурунда аскердик өндүрүш потенциалын 50 пайызга көбөйтүп кандайдыр бир ийгиликтерге жетишсе да көбүрөөгүн жасашы керек. Еврокеңештин төрагасы Европанын ондогон жылдар бою коргонууга жана коопсуздукка жетиштүү инвестиция салбаганын айтты.

Дүйшөмбү күнү Евробиримдик өлкөлөрү Украинанын Куралдуу күчтөрүнө 5 миллиард евро өлчөмүндө жардам көрсөтүү боюнча келишимди бекитишкен.



Тектеш кабарлар