Японияда химиялык заттарды ташыган танкер чөктү

Япониянын Жээк коопсуздук кызматы узундугу 68,8 метр жана туурасы 10,6 метр болгон танкердин 980 тонна акрил кислотасын ташыгандыгын маалымдады.

2117868
Японияда химиялык заттарды ташыган танкер чөктү

Япониянын батыш жээгине жакын жерде химиялык заттарды ташыган бир танкердин оодарылгандыгы жана экипаждагы  8 кишинин каза болгондугу маалымдалды.

NHK мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Батыш Ямагучи провинциясындагы Шимоносеки шаарынын жээгинде Түштүк Кореянын желеги илинген химиялык заттарды ташыган танкер катуу шамалдан жана чоң толкундардан улам оодарылган.

Окуя болгон учурда танкерде 8 индонезиялык, 2 түштүк кореялык жана 1 кытайлык болгон жалпы 11 экипаждын болгону жана алардын 9зунун деңизден чыгарылгандыгы тууралуу маалымат берилди.  

Япониянын Жээк коопсуздук кызматы  табылган 9 кишиден сегизинин  каза болгондугун билдирди. Жоголгон 2 киши үчүн издөө -  куткаруу иштери улантылууда. 

Япония  Жээк коопсузундугу 68,8 метр жана туурасы 10,6 метр болгон танкердин 980 тонна акрил кислотасын ташыгандыгын маалымдады.

 



Тектеш кабарлар