Нигер АКШ менен аскердик кызматташтык келишимин токтотту

Өкмөттүн басма сөз катчысы Амаду Абдрамане мамлекеттик телеканалдагы билдирүүсүндө, АКШнын Коргоо министрлигине караштуу аскерий жана жарандык кызматкерлердин Нигерде кызмат өтөөсүнө уруксат берген аскердик келишим дароо токтотулганын билдирди.

2116331
Нигер АКШ менен аскердик кызматташтык келишимин токтотту

Нигердеги аскердик өкмөт Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен аскердик кызматташтык келишиминин токтотулганын жарыялады.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Амаду Абдрамане мамлекеттик телеканалдагы билдирүүсүндө, АКШнын Коргоо министрлигине караштуу аскерий жана жарандык кызматкерлердин Нигерде кызмат өтөөсүнө уруксат берген аскердик келишим дароо токтотулганын билдирди.

Абдрамане америкалык аткаминерлерди өткөн аптада Нигерде сүйлөшүүлөрдү өткөргөн АКШнын мамлекеттик катчысынын Африка иштери боюнча жардамчысы Молли Фи менен АКШнын Африка командирлигинин (AFRICOM) командири генерал Майкл Ланглинин сапары тууралуу алдын ала маалымат бербегени үчүн айыптады.

Нигерде болжол менен 1000 америкалык аскер бар. Сахара чөлүнүн түштүк четиндеги Агадес шаарына жакын жерде «Нигер аба базасы 201» деп аталган учкучсуз учуучу аппарат (УУA) базасы бар.

«Нигер 201» АКШнын Жибутидеги туруктуу базасынан кийин, Африкадагы экинчи чоң база болуп саналат, ал жерде АКШ УУА операцияларын жүргүзөт.

АКШ тарабынан курулган жана каржыланган жана Нигер армиясына таандык база 2019-жылдан бери жогорку технологиялуу спутник байланыш системалары менен кызматта.

Нигер мамлекетинен 10 жылга ижарага алынган «Нигер 201», АКШнын эң ири жана эң кымбат УУА базасы болуп эсептелет.

Анын курулушуна 110 миллион доллар жана жылдык тейлөөсү үчүн 30 миллион доллар сарптаган АКШ бул базаны Сахелдеги негизги чалгындоо жана көзөмөлдөө борбору катары колдонууда.



Тектеш кабарлар