Иордания Газага абадан жардам түшүрүлгөнүн жарыялады

Иордания армиясынын жазуу түрүндөгү жарыясында Газа тилкесинин түндүгүнө 6 жолу абадан жардам түшүрүү операциясы жасалганы белгиленди.

2116486
Иордания Газага абадан жардам түшүрүлгөнүн жарыялады

Иордания Египет, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Германиянын катышуусу менен Газа тилкесинин түндүгүнө абадан жардам таштоо операциясын жүргүзгөнүн жарыялады.

Иордания армиясынын жазуу түрүндөгү жарыясында Газа тилкесинин түндүгүнө 6 жолу абадан жардам түшүрүү операциясы жасалганы белгиленди.

Газа тилкесинин түндүгүндөгү кээ бир аймактарда жүргүзүлгөн абадан жардам түшүрүү операциясына Иордания аба күчтөрүнө таандык эки C130 учагынын, АКШга таандык эки учак менен Египет жана Германиядан бирден учактын катышканы билдирилди.

Израиль 7-октябрдан бери кол салган Газада жашаган 2 миллион 300 миң палестиналыкты ачарчылыкка дуушар кылууда.

Бириккен Улуттар Уюму Израилдин катуу чабуулуна кабылган Газа тилкесинде 2,2 миллион киши ачарчылык коркунучу алдында турганын эскерткен эле.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан эң аз 13 миң 500ү бала, 9 миңи аял болгон 31 миң 645 палестиналык каза болуп, 73 миң 676 киши жараланды.



Тектеш кабарлар