Байден кыйыр түрдө Шумер айткан көз караштарга жакын экендигин билдирди

АКШнын  президенти Жо Байден Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяхунун Газадагы кризисти туура эмес башкарганы жөнүндөгү пикирге кошулганын айтты.

2116254

Байден Ирландиянын премьер  - министри Лео Варадкарды Ак үйдө кабыл алып, басма сөзгө кыскача билдирүү жасады.

Байден Израилдин премьер  - министри Нетаньяхунун Газадагы кризисти туура эмес башкаргандыгы жана өлкөдө шайлоонун болушу керектигин айткан сенаттагы демократ Чак Шумердин сөзүнө баа берди.

"Сенатор Шумер командам менен байланышып сөз сүйлөй тургандыгын белгиледи. Сүйлөгөн сөзү тууралуу баа бербеймин. Жакшы сөз сүйлөдү жана менин оюмча бир гана өзүнүн эле эмес көптөгөн америкалыктын тынчсызданууларын да айтты",- деген Байден кыйыр түрдө Шумер айткан көз караштарга жакын экендигин билдирди. 

АКШ Конгрессинде Израилдин алдыңкы колдоочуларынын бири болгон сенатор Шумер, Сенаттын Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Нетаньяхунун 2023 - жылдын 7 - октябрынан кийин процессти туура эмес башкарганына басым жасап, өлкөдө шайлоонун өткөрүлүшү керектигин айткан.

Тектеш кабарлар