Түштүк Корея АКШ менен биргелешкен аба машыгуусун өткөрдү

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Аскердик аба күчтөрү кечээ аяктаган аба машыгуусуна эки өлкөдөн 40 учактын катышканын кабарлады.

2115957
Түштүк Корея АКШ менен биргелешкен аба машыгуусун өткөрдү

Түштүк Корея менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аба күчтөрү Корей жарым аралында «Түндүктүн коркутууларына каршы» биргелешкен машыгуу өткөрдү, ага согуштук учактар ​​катышып чыныгы ок-дарылар колдонулду.

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Аскердик аба күчтөрү кечээ аяктаган аба машыгуусуна эки өлкөдөн 40 учактын катышканын кабарлады.

Темага байланыштуу билдирүүдө, АКШ менен Түштүк Кореянын Аба күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусунда чыныгы ок-дарылар колдонулганы, учкучтардын Түндүк Корея коркунучуна каршы канаттуу ракеталар жана башкарылуучу бомбалар менен атуу билими алынганы белгиленди.

Түштүк Корея менен АКШ тарабынан «Орток коргонуу позициясын бекемдөө» максатында уюштурулган «Эркиндик калканы» машыгуусу 11 күнгө созулду.



Тектеш кабарлар