Россия - Украина согушунда абал

Россия Украинанын аймагына зениттик ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасагандыгын билдирди.

2116043
Россия  -  Украина согушунда абал

 Россия Украинанын аймагына зениттик ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасагандыгын билдирди.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Россиянын түнкү сааттарда  7 даана S-300/S-400 зениттик ракеталары  менен Харьков жана Донецк аймактарына, Х-59 башкарылган ракеталары менен Полтава аймагына жана 28 «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар менен жалпы өлкөдө кол салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө  учкучсуз учуучу аппараттарынын толугу менен Кировоград, Николаев, Харьков, Херсон, Хмельницкий, Винница жана Киев облустарында атып түшүрүлгөндүгү маалымалды.

Киев шаардык аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Попко да Россиянын түнкү кол салууларында колдонгон учкучсуз учуучу аппараттардын 15ке жакынынын борбор шаар Киев жакындарында жардырылгандыгын, кол салууда каза болгондор жана чыгымдардын болбогондугун билдирди.

Украинанын башкы штабынын төрагасы Олександр Сырский да социалдык медиа эсебинен фронт линиясындагы абалга баа берди.

Россия кол салууларын күчөткөн Авдиеевка багытындагы бөлүктөрүнө баргандыгын белгилеген Сырский : «Россия бир канча күндөн бери 3  бригада тилкесинде аскерлерибиздин коргонуусун бузууга аракет кылып, күн сайын согушка унаалар менен же жөө аскерлер менен чабуул бөлүктөрүн жөнөтүүдө»,- деди.

Сырский орус армиясынын чабуул кыймылдарынын катуу артиллериялык аткылоо жана учкучсуз учуучу аппараттарын активдүү колдонулгандыгына көңүл буруп,  орус учактарынын да 40 - 50 километр алыстыктан чабуул жасаганын белгиледи.

2022 - жылдын 24 - февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүү буйругун берип, Россия  - Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Россиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар