Хамастын сунушуна Нетаньяху каршылык көрсөттү

Хамас Израиль менен ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимине байланыштуу сунушун Катар жана Египеттеги ортомчуларга бидиргендерин жарялады.

2115941
Хамастын сунушуна Нетаньяху каршылык көрсөттү

 Хамас Израиль менен ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимине байланыштуу сунушун Катар жана Египеттеги ортомчуларга бидиргендерин жарялады.

Хамастын Телеграм эсебинен бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

Маалыматта : «14-мартта кыймыл ортомчу бир туугандарга (Египет-Катар) элдешүү үчүн зарыл деп эсептеген принциптерге жана негиздерге таянган комплекстүү сунушун берди", - деп айтылды.

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху Хамастын Газага  карата кол салуулардын акырына чыгышы жана өз ара туткун алмашууга байланыштуу акыркы сунушундагы талаптарын «акылга сыйбаган» деп мүнөздөп, каршылык көрсөттү.

Израилдин премьер  - министрлик кеңсесинен берилген маалыматта Нетаньяхунун Хамастын ортомчуларга сунуштаган жаңы ок атышпоо жана туткун алмашуу сунушунда «акылга сыйбаган сунуштарында катуу тургандыгын» айткандыгы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесинде  7 -  октябрдан бери келе жаткан жана  31 миңден ашуун палестиналык каза болгон кол салууларда ок атышпоо жана туткун алмашуу үчүн Египеттин борбор шаары Каирде  3 -  марттан бери Египет, Катар, Хамас жана АКШнын катышуусу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар