Палестина: «Израиль Батыш Шериада чыңалуу жаратууга аракет кылууда»

Бул тууралуу Палестинанын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2115084
Палестина: «Израиль Батыш Шериада чыңалуу жаратууга аракет кылууда»

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израилди сотсуз өлтүрүү саясаты менен Рамазан айында басып алынган Батыш Шериада чыңалуу жаратууга аракет кылганы менен айыптады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Биз Израилдин талаада уланып жаткан сотсуз өлтүрүүлөрүн айыптайбыз жана аларды Рамазан айында Батыш Шерианы социалдык көкүтүүгө аракет кылып жаткан баскынчы мамлекет экенинин далили катары көрөбүз»,делди.

Билдирүүдө Израилдин палестиналыктарга карай жүргүзгөн сотсуз өлүм жазасына тартуулары менен аймактагы чыңалууну күчөткөнүнө көңүл бурулуп, мунун согуш кылмышы, адамзатка каршы кылмыш жана эл аралык укуктарды тебелөө экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө Израилдеги ашынган оңчул өкмөттүн аймакты эч качан бүтпөгөн зордук-зомбулук жана башаламандык чырмоогуна салууга аракет кылып жатканы белгиленип, төмөнкүдөй билдирүүлөр жасалды: «Бул кылмыштар Израилдеги саясий жана аскердик бийлик аскерлерге жана еврей отурукташкандарга берген, палестиналыктар чыныгы коркунуч туудурбаса дагы аларга карай ок атышын жеңилдеткен көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу болуп саналат. Мунун баары ыйык Рамазан айын эч качан бүтпөгөн зордук-зомбулук жана башаламандык чырмоогуна түртүүгө аракет кылган бийликтеги Израилдин ашынган оңчулдары экендигинин ачык далили».

Билдирүүдө жазаланбоо жана жоопко тартылбоо Израилди дагы көп кылмыш кылууга  үндөп жатканы эскертилди.



Тектеш кабарлар