Ковид - 19 өмүрдү кыскартты
Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын натыйжасында жалпы дүйнөдө күтүлгөн узак өмүр жашоонун 2019 - 2021 - жылдар аралыгында 1,5 жылдан ашык кыскарганы аныкталгандыгы билдирилди.
2115129
Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын натыйжасында жалпы дүйнөдө күтүлгөн узак өмүр жашоонун 2019 - 2021 - жылдар аралыгында 1,5 жылдан ашык кыскарганы аныкталгандыгы билдирилди.
Глобалдык ооруну изилдөөлөрүнүн 1950 - 2021 - жылдары 195 өлкөдөгү өлүм катнаштары жана күтүлгөн узак өмүр жашоо анализи менен бирге сурамжылоолор, эл каттоо жана башка булактардан алынган маалыматтардан пайдаланылган изилдөөсүндө өзгөчө Ковид - 19 эпидемиясы мезгилине көңүл бурулду.
Вашингтон университетинин саламаттыкты өлчөө жана баа берүү институту тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө жалпы дүйнөдө күтүлүп жаткан өмүрдүн узактыгы 2019 - 2021 - жылдардын арасында 1,5 жылдан ашуун азайгандыгы жана мурунку өсүүлөрдүн кескин түдө терсине айлангандыгы аныкталды.
Саламаттыкты өлчөө жана баа берүү институтунда кызмат кылган изилдөөчүлөрдөн доктор Остин Е. Шумахер Ковид - 19 эпидемиясынын жалпы дүйнөдөгү чоңдорго таасирин тийгизгендигин белгилеп : "Эпидемия учурунда өлкөлөрдүн жана аймактардын 84 пайызында жашоонун узактыгы кыскарды. Бул кырдаал жаңы патогендердин кыйратуучу потенциалдуу кесепеттерин ортого салууда",- деди.
Өмүрдүн узактыгы – адамдын орточо канча жашашын көрсөткөн статистикалык көрсөткүч.
Изилдөө кенен түрдө "The Lancet" журналында жарыяланды.