Европа Биримдиги : "Газага гуманитардык жардам үчүн күндө кеминде 500 фура кириши керек"

Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Газага гуманитардык жардам үчүн күндө кеминде  500 фуранын кириши керек экендигин билдирди.

2115481
Европа Биримдиги : "Газага гуманитардык жардам үчүн күндө кеминде  500 фура кириши керек"

Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Газага гуманитардык жардам үчүн күндө кеминде  500 фуранын кириши керек экендигин билдирди. 

Урсула фон дер Ляйен Х эсебинен Кипр аралынан Газага гуманитардык жардам жиберүү аракети тууралуу маалымат берди. 

Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы : "Коридор  кеңейтилген кургактык жолдору да болгон бардык багыттардан  Газага жардамдын агымын көбөйтүү боюнча үзгүлтүксүз аракеттин бир бөлүгү болушу керек. Учурда күнүнө кеминде 500 жүк ташуучу фура же же ага тең  жардамдын киришине муктаждык бар",- деди.  

Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен,  Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон, Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министри Шейх Абдулла бин Заид Аль Нахян, Катардын мамлекеттик министри Мухаммед бин Абдулазиз Аль-Хулайфи, Бириккен Улуттар Уюмунун Газа секторуна гуманитардык жардам жана реконструкциялоо боюнча улук координатору Сигрид Кааг, Европа Биримдиги Комиссиясынын гуманитардык жардамдан жооптуу мүчөсү Янез Ленарчич менен Кипр Рум башкаруусунун тышкы иштер министри Константинос Комбос видео конференция аркылуу сүйлөштү.

Жолугушуудан кийин кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө Газа тилкесине кургактыктан берилген  жардамдардын  киришинин мааниси  баса белгиленген.

 

 



Тектеш кабарлар