Австралияда алтын кени урап түштү

Куткаруу топтору, 29 жумушчуну куткарды.

2115144
Австралияда алтын кени урап түштү

Австралиянын Виктория штатында алтын кени урап бир адам каза болду.

Маунт-Клир аймагындагы алтын кени жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00 чамасында урап түштү.

Куткаруу топтору, шахтадагы коопсуз аймакка баш калкалоого жетишкен 29 жумушчуну куткарды.

Коопсуз аймакка жете албай урандылардын астында калган эки жумушчунун бири каза болсо, экинчиси ооруканага жеткирилди.



Тектеш кабарлар