Бен-Гвирден согуш чакырыгы

Ливанга кол салууга чакырган Бен-Гвир: «Эми жооп кайтарууга, чабуул коюуга жана согушууга киришели»,-деп айтты.

2114533
Бен-Гвирден согуш чакырыгы

Израилдин ашкере оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир коргоо министри Йоав Галлантты Ливанга согуш жарыялоого чакырды.

Бен-Гвир социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн видеодо: «Галлант, армия сенин жоопкерчилигиңде, эмнени күтүп жатасың? Израиль мамлекетине 100дөн ашык ракета атылды, сен да тынч отурасыңбы?», деди.

Ливанга кол салууга чакырган Бен-Гвир: «Эми жооп кайтарууга, чабуул коюуга жана согушууга киришели»,-деп айтты.

Кечээ эртең менен Ливандагы Хезбуллага таандык делген жерлерден Израилге 100гө жакын ракета атылганы жарыяланып, Хизбулла да чабуулдарды ырастаган.

Мындан улам Израиль армиясы согуштук учактардын ракеталык чабуул жасалган жерлерди бутага алганын билдирген.

Ливандын расмий агенттиги NNA Баалбек шаарында 1 кишинин каза болгонун, 8 кишинин жараланганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар