Кенияда сел жүрдү

Кенияда апрель айынын ортосунан бери  нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 277ге жетти

2139209
Кенияда сел жүрдү

Кенияда апрель айынын ортосунан бери  нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 277ге жетти.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Исаак Мваура селден каза болгондордун саны 277ге жеткенин, аба ырайынын катаал шарттарынан болжол менен 411 миң киши жабыркап, 56 миң үй-бүлө үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Өлкө боюнча 62 саламаттыкты сактоо борборунун зыян тарткандыгын белгилеген Мваура эпидемиялардын башталганын жана 53 холера учурунун аныкталганын айтты.
Кенияда селден улам 9 миң декар айыл чарба жери зыянга учураса, 4 миң ферма малы кырылды.

Өкмөт селден жапа чеккендер үчүн 167 лагерь курду.

Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Танзания, Сомали, Бурунди жана Конго Демократиялык Республикасы да нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден терс таасирленди.

 



Тектеш кабарлар