Судандыктар чегиртке жеп жан сактап жатат

Кувейт борбору болгон Al Najat Charity социалдык  медиа эсебинде жарандык согуштан улам качкын болгон судандыктардын абалы тууралуу сүрөттөрдү жарыяланды.

2114135
Судандыктар чегиртке жеп жан сактап жатат

Бир жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Суданда ачарчылыктан улам элдин чегиртке жегенге аргасыз болгондугу маалымдалды. Кувейт борбору болгон Al Najat Charity социалдык  медиа эсебинде жарандык согуштан улам качкын болгон судандыктардын абалы тууралуу сүрөттөрдү жарыяланды.

Жарандык согуш болгон аймактардан качып, чөлдө убактылуу чатырларга баш калкалаган кээ бир үй-бүлөлөрдүн тамак - аш табууда чоң кыйынчылыктарга дуушар болгондугу, ачкачылык менен күрөшкөн үй-бүлөлөрдүн жашоо үчүн чегиртке жегени белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Дүйнөлүк азык - түлүк программасы (БДП) 20 - февралда дүйнөдөгү эң чоң жер которуу кризиси болуп жаткан Суданда 10 айдан бери болуп келе жаткан  жарандык согуштан кеминде  25 миллион кишинин ачкачылык жана жетерсиз тамактануу маселеси менен күрөшүп жаткандыгы боюнча эскерткен. 

Өлкөдө апрель айынын ортосунан бери Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы генерал Абдул Фаттах аль-Бурхандын жетекчилигиндеги армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда  кагылышуулар болууда. БУУнун маалыматына караганда, Судандагы кагылышуулардын натыйжасында 13 миңден ашуун адам каза болуп, 6 миллион адам өлкөнүн ичиндеги башка шаарларга жана 1,7 миллион адам айланасындагы өлкөлөргө качкан.

 

 



Тектеш кабарлар