Орусия-Британия балыкчылык келишими жокко чыгарылды

Владимир Путин кол койгон жарлык менен британиялык балыкчыларга Орусиянын Баренц деңизинин жээгинде балык уулоого тыюу салынды.

2114214
Орусия-Британия балыкчылык келишими жокко чыгарылды

Орусиянын президенти Владимир Путин, Британия менен 1956-жылы кол коюлган балыкчылык келишимин жокко чыгарды.

Владимир Путин кол койгон жарлык менен британиялык балыкчыларга Орусиянын Баренц деңизинин жээктеринде балык уулоого тыюу салынды.

Британия менен Советтер Союзунун ортосунда 1956-жылы кол коюлган келишимдин алкагында, британиялык балыкчы кемелери Баренц денизинин айрым аймактарында балык кармай алышчу.

Бул келишим СССР тарагандан кийин Орусия менен Британиянын ортосунда уланып келген.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы Думанын төрагасы Вячеслав Володин өткөн айдагы билдирүүсүндө, британиялыктардын 68 жылдан бери орус балыгын жеп келгенин айтып «Эми арыктап, акылдуу болушсун» деген эле.



Тектеш кабарлар