Францияда мечитке кол салуу болду
Сент-Омердеги бир мечитке таравих намазынын алдында чочконун башы ыргытылды.
2113959
Франциянын Пас-де-Кале провинциясындагы мечитке таравих намазынын алдында расисттик кол салуу болду.
Сент-Омердеги бир мечитке таравих намазынын алдында чочконун башы ыргытылды.
Ибадат кылуу үчүн ондогон адамдар чогулган мечиттеги көрүнүштөн кийин абал милицияга кабарланды.
Сент-Омер Түрктөрүнүн маданий достук коомунун төрагасы Исмаил Гүлмез, France 3 каналына берген маалыматында окуя боюнча арыз жаза тургандарын айтты.
Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин, Рамазан айында (11-марттан 9-апрелге чейин) мусулмандардын ыңгайлуу намаз окушу үчүн мечиттер менен сыйынуучу жайлардын айланасында коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырганын билдирген болчу.