Газага абадан түшүрүлгөн жардам кутулуары жарандардын үстүнө түштү

Гуманитардык жардамдар адамдардын үстүнө түшүп 5 кишинин каза болгону билдирилди.

2113059
Газага абадан түшүрүлгөн жардам кутулуары жарандардын үстүнө түштү

Газа тилкесине жардам ташыган учактардын абадан түшүргөн гуманитардык жардам кутуларынын парашюттарынын ачылбашы жана аймакта жардам күтүп жаткан палестиналыктардын үстүнө түшүшү менен 5 киши каза болду. Көргөн күбөлөрдүн айтмында учактардан түшүрүлгөн гуманитардык жардам кутуларынын айрымдарынын парашюттары ачылган жок жана жардамдардын түшүшүн күткөн палестиналыктардын үстүнө түшкөн. Оорукана булактары Газадагы жардамга муктаж адамдардын абадан ташталган жардамдардын түшүшүн күтүкөндүгүн, парашюттар ачылбагандыктан жардам кутулары ылдам түрдө адамдардын үстүнө түшүшү менен каза болгондор менен жаралуулардын бар экендигин белгилешти.

Жарандык коргонуу бөлүгүнүн катчысы Махмуд Басал да Телеграмм эсебинен берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө учктардан түшүрүлгөн гуманитардык жардамдардын айрымдарынын адамдардын же үйлөрдүн үстүнө түшүшү менен 5 кишинин каза болгонун, айрым кишилердин жаракат алгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар