АКШ армиясына таандык тик учак Мексика чек арасында кырсыкка учурады
Кырсыкта 3 аскер каза болду.
2113094
АКШ армиясына таандык бир тик учак Мексика чек арасында кырсыкка учурап 3 аскер каза болуп, 1 аскер жаракат алды.
АКШнын Түндүк биргелешкен кыймыл тобунун билдирүүсүндө, кечээ чек ара коопсуздук миссиясы учурунда «UH-72 Lakota» үлгүсүндөгү тик учактын Техас штатындагы Рио - Грейд шаарына жакын жерде кырсыкка учурагандыгы билдирилди.
Билдирүүдө Улуттук гвардиянын 2 жана чек ара күзөтүндө турган 1 аскер каза болгон, 1 аскер жаракат алган кырсыктын себебине байланыштуу териштирүүнүн баштатылгандыгы белгиленди.
Рио - Грейд Сити ичинде болгон Старр аймагынын соту Элой Вера жаракат алган аскердин абалынын оор экендигин маалымдады.