Украина ушул жылдын ичинде жаңы каршы чабуулга даярданууда

Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин командири Александр Павлюк билдирди.

2112499
Украина ушул жылдын ичинде жаңы каршы чабуулга даярданууда

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин командири Александр Павлюк быйыл жаңы контрчабуулга (Орусияга) баштаарын билдирди. Командирдин билдирүүсүнө караганда, армиянын 2024-жылдагы негизги максаты фронттогу абалды жакшыртуу жана дивизияларды каршы чабуулга даярдоо болуп саналат.

Павлюк учурда фронттогу кырдаалды «оор, бирок көзөмөлдөнсө болот» деп мүнөздөдү. Павлюк Орусиянын 17-мартта боло турган президенттик шайлоого чейин мүмкүн болушунча көбүрөөк жерди басып алуу максатын койгонун белгилеп, ушул себептен бардык орус күчтөрүнүн чабуул операцияларына мобилизацияланганын билдирди.

Кургактык аскерлеринин командиринин билдирүүсү фронтто моралдык абал начар болуп турганда айтылды. Украин күчтөрү февраль айында ок-дарылардын жетишсиздигинен улам Авдеевка баш болгон Донецк облусундагы бир нече калктуу конуштан чегинүүгө аргасыз болгон. Украин басылмалары Авдеевканын орустарга берилишинин негизги себебин АКШ менен Евробиримдиктин жардамынын кечеңдеши деп жазышууда. АКШ Конгресси Украинага 60 миллиард доллар каражат бөлгөн мыйзам долбоорун дагы эле жактыра элек жана бул бекитүү болбостон Пентагон украин армиясын колдой албайт.



Тектеш кабарлар