Орусиядагы ТЭЦте жарылуу болду

Тува Республикасынын Шагонар шаарында жайгашкан ТЭЦтин отканасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.49да катуу жарылуу болду.

2112010
Орусиядагы ТЭЦте жарылуу болду

Орусиянын Тува Республикасындагы ТЭЦте болгон жарылуудан 23 адам жабыркады, алардын 6сы оор.

Тува Республикасынын Шагонар шаарында жайгашкан ТЭЦтин отканасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.49да катуу жарылуу болду.

Жарылуудан кийин от казан жайгашкан имаратта өрт чыккан.

Жумушчулар куткаруу топтору тарабынан эвакуацияланган.

Эвакуацияланган жумушчулардын 15и денеси күйүп, көмүр кычкыл газына ууланып, аймактагы ооруканаларга жеткирилди. 6 жумушчунун абалы оор экени айтылды.

Жардыруудан жеңил жаракат алган 8 жумушчуга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Алгачкы тыянактарга караганда жарылуу ТЭЦтин от казанындагы көмүр багында метан газынын кысылуусунан улам болуп, окуяга карата шалаакылыктын иликтенип жатканы айтылды.

Жарылуудан кийин 4 миңге жакын адам жашаган Шагонар шаарындагы 62 батирде жана 216 үйдө борбордук жылытуу системасы иштебей калган.



Тектеш кабарлар