Эль-Нинонун таасири уланат

Дүйнөлүк метеорология уюму (WMO) Эль-Нино аба ырайы кубулушуна байланыштуу жаңы отчетун жарыялады.

2111673
Эль-Нинонун таасири уланат

Эль-Нино аба ырайы кубулушунун таасири азайганы менен алдыдагы айларда глобалдык климатка таасирин тийгизе турганы билдирилди.

Дүйнөлүк метеорология уюму (WMO) Эль-Нино аба ырайы кубулушуна байланыштуу жаңы отчетун жарыялады.  

Отчетто Эль-Нинонун таасиринин 2023-2024-жылдар аралыгында күчөгөнү, азыр акырындык менен алсырап баратканы, бирок алдыдагы айларда глобалдык климатка таасир этүүнү жана температураны жогорулатууну уланта турганы айтылды.

Маалыматта март, апрель жана май айларында бардык аймактарда нормадан жогору температура болушу күтүлүп жатканы баса белгиленди.

Отчетто көз караштары камтылган ДССУнун башкы катчысы Селесте Сауло: «2023-жылдын июнь айынан бери ай сайын жаңы жылуулук рекорду коюлду. 2023-жыл ушул учурга чейин катталган эң ысык жыл болду. Эль Нино бул рекорддук температурага таасир этти, бирок жылуулукту кармаган парник газдары талашсыз түрдө мунун негизги жооптуусу»,-деп айтты.

Дүйнөлүк Метеорология Уюму (WMO) да былтыркыдан бери нормадан жогорку температураны алып келген Эль-Ниньонун быйылкы жылдын март-май аралыгында да катуу ысыкка себеп болушу мүмкүн экенин жарыялады.



Тектеш кабарлар