ДССУ: "Газадагы бомбалоодон аман калган балдар ачарчылыктан каза болушу мүмкүн"

Гебреисус X социалдык медиа платформасынан, Газадагы ачарчылык жана мындан улам балдардын өлүмү тууралуу билдирүү бөлүштү.

2112009
ДССУ: "Газадагы бомбалоодон аман калган балдар ачарчылыктан каза болушу мүмкүн"

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, Газадагы бомбалоодон аман калган балдардын ачкачылыктан өлүшү мүмкүн экенин айтты.

Гебреисус X социалдык медиа платформасынан, Газадагы ачарчылык жана мындан улам балдардын өлүмү тууралуу билдирүү бөлүштү.

«Газадагы бомбалоодон аман калган балдар ачарчылыктан каза болушу мүмкүн»,- деген Гебреисус Газага гуманитардык жардамдын көбүрөөк жеткирилишине уруксат берүүгө чакырды.

Гебреисус Газа үчүн “ок атууну токтотуу” чакырыгын да кайталады.

Израиль 5 айга жакын убакыттан бери кыйратуучу кол салууларды улантып жаткан Газа тилкесине жардамдын киришине тоскоол болуп аймакта чоң «гуманитардык апаатка» себеп болсо, Израилдин «ачка калтыруу саясаты» ушул убакка чейин эң кичүүсү 14 күндүк наристе жалпы 18 баланын өлүмүнө алып келди.



Тектеш кабарлар