АКШдан Газа тууралуу билдирүү

Америка Кошмо Штаттары Израилдин катуу бомбалоосу астындагы Газа тилкесинде абалдын «кабыл алынгыс» экендигин жана аймакка дагы көп жардамдын кириши үчүн Израилге кысым жасаларын билдирди.

2111239
АКШдан Газа тууралуу билдирүү

Америка Кошмо Штаттары Израилдин катуу бомбалоосу астындагы Газа тилкесинде абалдын «кабыл алынгыс» экендигин жана аймакка дагы көп жардамдын кириши үчүн Израилге кысым жасаларын билдирди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мэтью Миллер жана Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча байланыш кеңешчиси Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйындарында Газа боюнча билдирүү жасашты.

Газадагы гуманитардык абалдан «тынчсыздангандарын» белгилеген Миллер: «Кырдаал кабыл алынгыс. Ошондуктан АКШ Газага болгон жардамды мүмкүн болушунча көптөгөн канал аркылуу улантууга аракет кылууда»,-деди.

Миллер Газанын түндүгүнө азык-түлүк жеткирүүлөрдүн көбөйүшүнө жардамдашуу үчүн Израиль өкмөтүнө кысым көрсөтүүнү уланта тургандарын белгилеп: «Газага чоң жардам агымына жол ача турган жана бөлүштүрүү маселелеринжеңилдете турган барымта келишими аркылуу убактылуу ок атышпоо үчүн кысымды улантабыз»,- деди.

Кирби да Израиль барымталарды бошото турган болсо 6 аптага созула турган жанаГазага дагы көп гуманитардык жардам жеткириле турган убактылуу ок атышпоого макул экендигин белгилеп : «Израиль бул алкакка баш ийүүгө макул болду, эми муну Хамас аткарышы керек»,- деди.

Кирби ыктымалдуу ок атышпоо келишиминин календары тууралуу : «Рамазан баштала электе келишимдин түзүлгөнүн көрүүнү каалайбыз. Бул тууралуу үмүтүбүз бар жана бул жердеги максатыбыз бул»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар