Калифорниядагы кар борошосу

Штаттын Сьерра Невада аймагындагы тоолордо шамалдын ылдамдыгы саатына 225ке жетип, кар бороонунан улам көптөгөн лыжа базалары туристтерге эшиктерин жапты.

2110484
Калифорниядагы кар борошосу

АКШнын Калифорния штатында кар борошосу жашоого терс таасирин тийгизди.

Штаттын Сьерра Невада аймагындагы тоолордо шамалдын ылдамдыгы саатына 225ке жетип, кар бороонунан улам көптөгөн лыжа базалары туристтерге эшиктерин жапты.

Кар борошосунун айынан негизги жолдордо жол кыймылы үзгүлтүккө учурап, Калифорнияда 39 миң үй-бүлөгө жана жумуш орундарына электр жарыгы берилген жок.

Метеорология кызматынын билдирүүсүндө, Тахо көлү аймагы менен кошо Сьерра-Неваданын борбордук бөлүктөрүнө «кар көчкү коркунучу» эскертүүсү берилди.



Тектеш кабарлар