Израиль кол салууларында Хизбуллахтын 5 мүчөсү каза болду

Ливандын расмий агенттиги NNAда орун алган кабарга карага караганда  Израилге таандык учкучсуз учуучу аппараты   Ливандын түштүгүндө,  чек арадагы Накура шаарына жакын жерде бир унааны бутага алды.

2110056
Израиль кол салууларында  Хизбуллахтын  5 мүчөсү каза болду

Израиль армиясынын Ливанга карата абадан жасаган кол салуусунда   Хизбуллахтын 5 мүчөсү каза болду.

Ливандын расмий агенттиги NNAда орун алган кабарга карага караганда  Израилге таандык учкучсуз учуучу аппараты   Ливандын түштүгүндө,  чек арадагы Накура шаарына жакын жерде бир унааны бутага алды.

Хизбуллах  да билдирүүсүндө кол салууда 3 мүчөсүнүн каза болгонун жарыялады.

Хизбуллах андан кийин берген башка бир   билдирүүсүндө Израилдин кол салууларында 2 мүчөсүнүн каза болгонун белгилеп, Израилдин түндүгүндөгү Лиман отурукташуу жерине камикадзе учкучсуз учуучу учак менен кол салуу болгонун жана Жал эл Алем позициясына ракеталык кол салуу болгонун белгиледи.

Израиль армиясы менен Ливандын түштүгүндө 2023 - жылдын 8 - октябрынан бери болуп жаткан  кагылышууда каза болгон Хизбуллах мүчөлөрүнүн саны 228ге жетти.

Кагылышууларда  45 ливандык жаран, 11 Амал кымылы, 12 Хамас жана  12 исламдык Жихад мүчөсү менен 6 израилдик жаран жана 11 аскер каза болду. 

 



Тектеш кабарлар