Газа тилкесинде 24 саатта 92 палестиналык өлтүрүлдү
Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде акыркы 24 саатта 92 палестиналыкты өлтүрүп, 156 кишини жаралагандыгы билдирилди.
2110031
Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде акыркы 24 саатта 92 палестиналыкты өлтүрүп, 156 кишини жаралагандыгы билдирилди.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 148 күндөн бери кол салып жаткандыгы маалымдалды.
Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Газа тилкесинде 92 палестиналыкты дагы өлтүргөндүгү белгиленген маалыматта газада каза болгондордун саны 30 миң 320га жеткендиги билдирилди.
Кол салууларда Израиль күчтөрүнүн 156 палестиналыкты да жаралагандыгы жана Газа тилкесинде жалпы жаралуу саны 71 миң 533кө жеткендиги белгиленди.
Билдирүүдө өзгөчө Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта "10 кыргын" кылгандыгы тууралуу маалымат да орун алды.