Лавров : "Газада төгүлгөн кан токтотулушу керек"

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Газа тилкесиндеги кан төгүүнү токтотуу керектигин белгилеп : «Газа тилкеси окшошу болбогон зомбулук толкуну менен термелди»,- деди.

2109642
Лавров : "Газада төгүлгөн кан токтотулушу керек"

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Газа тилкесиндеги кан төгүүнү токтотуу керектигин белгилеп : «Газа тилкеси окшошу болбогон зомбулук толкуну менен термелди»,- деди.

Лавров борбор шаар Москвада Палестинанын өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында сөз сүйлөдү.

Газа тилкесиндеги абалга токтолгон Лавров Газада акыркы айларда 30 миңге жакын кишинин каза болгондугун жана булардын көпчүлүгүнүн аялдар менен балдар экендигин, жараланган киши саны 70 миңден ашкандыгын белгилеп : «Адамзаттык апааттын көлөмү чоңоюп баратат»,- деди.

Лавров : «Газа тилкеси окшошу болбогон зомбулук толкуну менен термелди. Бул АКШнын жалгыз ортомчулук ролун аткаруу демилгесинен улам Жакынкы Чыгыш маселесин чечүүпроцессиндеги стагнациянын натыйжасы болду. АКШ аймак өлкөлөрүнүн көптөгөн жылдар бурмаланган жана канааттандырылбаган кызыкчылыктарына маани бербейт. Албетте (Газада) төгүлгөн кандын токтотулушуна алдыңкылык берилет»,- деди.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Газадагы ок атышпоого байланыштуу чечим чыгаруусуна тоскоол болгонун белгилеген Лавров, Палестина менен Израилдин түз диалогун жактагандарын айтты.

Лавров Палестина мамлекетинин түзүлүшү керектигин белгилеп : «Палестиналыктар 1967 -жылдагы чектердин ичинде борбор шаары Чыгыш Кудс болгон мамлекетти куруу укугун колдонушу керек бирок эл аралык мыйзамга таянган адилеттүү мамиле, аймакта улантууга боло турган тынчтыкты түзө алат»,- деди.

Палестиналыктардын арасында биримдиктин түзүлүшүнүн маанисин баса белгилеген Лавров эч кимдин буга бөгөт койбогондугун айтты.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббаска жаңы кабинет түзүү иштеринде ийгилик каалаган Лавров жаңы кабинеттин Палестина калкынын кызыкчылыктарын коргой тургандыгын жана пикир келишпестиктеринин жоюларынан үмүт кылгандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар