Космостогу коркунучтарга каршы күрөш

Путин Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жыйын өткөрдү.

2109803
Космостогу коркунучтарга каршы күрөш

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсүнүн Коопсуздук Кеңеши менен космостогу коркунучтарга каршы күрөш темасын талкуулады.

Орусиянын Президенттик сарайынан (Кремлден) берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Путин Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйынга Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгудан тышкары өкмөт мүчөлөрү, анын ичинде Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников жана Орусиянын тышкы чалгын кызматынын (СВР) директору Сергей Нарышкин катышты.

Жыйындын басма сөзгө ачык бөлүгүндө сүйлөгөн сөзүндө Путин, Батышта «Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштырууну пландап жатат» деген билдирүүлөрдүн бар экенине көңүл буруп, «Бизде андай план жок»,- деди.

Космостогу ыктымалдуу коркунучтарды жок кылуу темасынын Орусиянын кызыкчылыгында болушу керектигин баса белгилеген Путин, бул маселенин жыйында карала турганын билдирди.



Тектеш кабарлар