Киев Россиянын жай мезгилинин башында Украина коргонуу линиясын бузушу мүмүкн экендигин олйоп жатат

Украина курал-жарактын жетишсиздигинен жапа чегүүдө

2109843
Киев Россиянын жай мезгилинин башында Украина коргонуу линиясын бузушу мүмүкн экендигин олйоп жатат

"Украина башкаруусу эгер союздаштар ок - дары менен камсыз кылууну көбөйтпөсө, Россиянын чабуулу жайга мезгилине карай ылдамдашынан тынчсызданууда".

Bloomberg агенттигинин кабарына караганда Украина куралдуу күчтөрү абал тууралуу барган сайын пессимист анализ жүргүзүүдө : Россия кол салуу жана ок  - дары чыгарууну көбөйтүп, Иран жана Түндүк Кореядан артиллериялык куралдарды алууда. 

Украина болсо курал-жарактын жетишсиздигинен жапа чегүүдө.

Европа Биримдиги  1 - мартка чейин 1 миллион артиллериялык ок-дары жөнөтүү убадасын аткара алган жок. Батыш өлкөлөрү Киевге согуштук учактарды жана абадан коргонуу системаларын жөнөтүү убадаларын аткара элек. Bloomberg Украинанын чалгын кызматтарына таянып берген кабарында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жай мезгилине чейин  өлкөнүн коргонуу линиясынын  бузулушунан тынчсыздангандыгын билдирди.

Кооптонууну күчөткөн факторлордун бири орус армиясынын акыркы бир айда Донецк облусундагы бир нече конуштарды (Авдеевка, Северное, Победа, Ластачкино жана Петровское) басып алышы. Өзгөчө Украинанын чалгындоо кызматтары Россиянын өлкөнүн жогорку жетекчилигинде саясий башаламандык жаратуу максатында “Майдан-3” деп аталган диверсиялык операцияга даярданып жатканын кабарлаган.

Февраль айында Чехия башкаруусу Европа Биримдигинин курал - жарак кыйынчылыгынан улам Киевге бере турган куралдарды  үчүнчү өлкөлөрдөн сатып ала башташы мүмкүн экендигин жарыялаган. Билдирүүгө ылайык, бул өлкөлөрдүн арасында Түркия, Түштүк Корея жана Түштүк Африка Республикасы болушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар