Жо Байдендин саламаттыгы тууралуу маалымат берилди

ABC News/Ipsos тарабынан  9 – 10 – февралда жүргүзүлгөн сурамжылоодо катышуучулардын  86 пайызы 81 жаштагы Байденди экинчи мөөнөткө президент болуу үчүн "абдан картаң» экендигин билдиришкен.

2109104
Жо Байдендин саламаттыгы тууралуу маалымат берилди

АКШда Ак үй президент Жо Байдендин саламаттыгына байланыштуу бөлүшкөн билдирүү менен кызматын аткаруусунда тоскоолдуктун  жок экендигин жарыялады.

Ак үйдүн катчысы Карине Жан  -  Пьердин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Жо Байдендин дарыгери тарабынан жактырылган жана абалынын жакшы экени айтылган билдирүүнүн мазмунуна орун берилди. Байдендин дарыгери Кевин О'Коннордун 81 жаштагы президенттин жылдык кароосуна байланыштуу билдирүүсүндө анын ден соолугуна байланыштуу "жаңы тынчсыздануунун" жок экендиги айтылды.

О'Коннордун  билдирүүсүндө : «Президент өзүн жакшы сезүүдө жана бул жылкы текшерүүдө эч бир тынчсыздануу аныкталган жок. Эч бир жеңилдик болбостон бардык жоопкерчиликтерин толугу менен орундатууда»,- деп айтылды.

Билдирүүдө : «Президент Байден  81 жашында, саламаттыгы жакшы, активдүү, күчтүү эркек. Аткаруу кеңешинин төрагалыгы, президенттик жана башкы командирлик  болгон бардык милдеттерин ийгиликтүү аткара алат»,- деп баа берилди. Байдендин жүрөк ритминен холестеролго чейин бардык маалыматтарына кенен орун берилген билдирүүдө АКШнын президентинин уйку апноэсинин туруктуу экендиги белгиленди.

Жо Байдендин саламаттыгы тууралуу маалымат ноябрь айында боло турган прзиденттик шайлоодон мурда саламаттыгынын жана жашы тууралуу талаш  - тартыштар уланып жаткан мезгилге туш келди.

 ABC News/Ipsos тарабынан  9 – 10 – февралда жүргүзүлгөн сурамжылоодо катышуучулардын  86 пайызы 81 жаштагы Байденди экинчи мөөнөткө президент болуу үчүн "абдан картаң» экендигин билдиришкен.



Тектеш кабарлар