Россия Приднестровьедеги тургундарды коргоо приоритеттүү маселе экендигин жарыялады

Орус маалымат агенттиги ТАССтын Россиянын тышкы иштер министрлигинин жетекчисине таянып берген кабарда Молдовадагы жикчил Приднестровье аймагын Россиядан коргоо талабы каралды.

2109155
Россия  Приднестровьедеги тургундарды коргоо приоритеттүү маселе экендигин жарыялады

Россия  Молдовадагы жикчил Приднестровье аймагынын тургундарын коргоо приоритеттүү маселе экендигин жарыялады.

Орус маалымат агенттиги ТАССтын Россиянын тышкы иштер министрлигинин жетекчисине таянып берген кабарда Молдовадагы жикчил Приднестровье аймагын Россиядан коргоо талабы каралды.

Кабарда : «Приднестровье тургундарынын кызыкчылыктарынын сакталышы (Россиянын) приоритеттеринин бири. Келген бардык талаптар тийиштүү орус мекемелери тарабынан каралууда»,- деп айтылды.

Молдованын ичиндеги жана бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган жикчил Приднестровье аймагы кечээ Россиядан коргоо талап кылууга чечим чыгарган.

Чечимде Молдова башкаруусунун акыркы мезгилде аймакка карата кысымын күчөткөндүгү жана Приднестровьеде жашаган 220 миңге жакын орус жаранын коргоо керектиги белгиленген.

 



Тектеш кабарлар