Буркина-Фасодогу мечитке кол салуу
25-февралда Натиабоани шаарындагы бир мечитке белгисиз куралчан кишилер тарабынан кол салуу жасалганы кабарланды.
Буркина-Фасонун чыгышындагы бир мечитке кол салууда 14 киши каза болду.
Буркина-Фасо Ислам бирикмелери федерациясынын билдирүүсүндө, 25-февралда Натиабоани шаарындагы бир мечитке белгисиз куралчан кишилер тарабынан кол салуу жасалганы кабарланды.
Билдирүүдө кол салууда имам менен кошо 14 кишинин каза тапкандыгы белгиленди.
25-февралда өлкөнүн чыгышындагы Эссакане шаарындагы чиркөөгө жекшемби күнкү сыйынуу учурунда кол салуу болуп, 15 киши каза болгон.
Буркина-Фасодо 2015-жылы күч алган коопсуздук кризисинен улам 2 миллиондон ашуун киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Өкмөттүн маалыматы боюнча, алардын 120 миңи гана мекенине кайта алды.
Премьер-министр Аполлинер Йоахимсон Кайлем де Тамбела, өткөн жылы сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн аймагынын 65 пайызынын мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айткан.