Кытай АКШга каршылык көрсөттү

Билдирүүдө Кытайдын өлкөнүн ишканаларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрө турганы белгиленди.

2107781
Кытай АКШга каршылык көрсөттү

Кытай бийлиги, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Орусияга киргизген санкцияларына кытайлык 17 компаниянын да кошулушуна реакция кылды.  

Кытайдын Соода министрлигинин билдирүүсүндө, Вашингтондун бир тараптуу санкциялар менен юрисдикцияны ашыкча колдонгону жана бул чечимдин «экономикалык зомбулуктун мисалы» экени айтылды.

Билдирүүдө Кытайдын өлкөнүн ишканаларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрө турганы белгиленди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин борбор шаар Пекинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Кытайдын Украина кризисинде объективдүү жана бейтарап мамилени карманып, тынчтык сүйлөшүүлөрүн кубаттоого жана саясий чечим үчүн конструктивдүү роль ойноого аракет кылганын айтты.

Кытай менен Орусиянын ортосундагы нормалдуу соода жана экономикалык кызматташтыктын үчүнчү тараптарды бутага албай турганын жана үчүнчү тараптардын кийлигишүүсүнө да дуушар болбой турганын баса белгилеген басма сөз катчысы Мао, ушул себептен кытайлык фирмаларга мыйзамсыз санкциялардын салынышына каршы экендиктерин кабарлады.

Орусия-Украина согушунун башталышынын эки жылдыгынын алдында АКШ 23-февралда Украина согушунда Орусияга аскердик колдоо көрсөтө ала турган продукцияларды саткан деген жүйө менен кытайлык 9 компанияны санкциялык тизмеге кошуп, 8 фирмага болсо экспорт чектөөсүн киргизген.   



Тектеш кабарлар